Технология... Алгачкы басмакана
Ойлоп табуучу: Иоганн Гутенберг. Ойлоп табылган жылы: Болжол менен 1450-жылдар. Жайгашкан жери: Майнц шаары, Германия.
Маанилүүлүгү: Китептерди кол менен жазуунун ордуна, механикалык жол менен басып чыгарууга мүмкүндүк берген. Бул билимдин кеңири таралышына жана маалымат алмашуунун тездешине алып келген.
Алгачкы басылган китеп: Гутенберг Библиясы (латын тилинде).
Технологиясы: Кыймылдуу ариптерди колдонуу менен басып чыгаруу ыкмасы. Ар бир тамга өзүнчө металлдан жасалып, анан терилип, баракка басылган.
Гутенбергдин басмаканасы адамзат тарыхында чоң бурулуш жасап, китеп басып чыгарууну революциялык жолго салган.
Османлы мамлекетинде алгачкы басмакана 1729-жылы Ибрахим Мутеферрика тарабынан ачылган. Бул Османлы мамлекетиндеги маданияттын жана илимдин өнүгүшүнө чоң салым кошкон маанилүү окуя болгон. Басмакананын ачылышы менен китептерди көбүрөөк нускада басып чыгарууга мүмкүнчүлүк түзүлүп, билим алуунун жолу кеңейген.
Ибреттүү окуя...
Сатылып алынган кудук
Мусулмандар Мединага хижрат кылган кезде таза суу маселеси кыйын болгон эле. Кудук көп болчу. Бирок, суулары анча жакшы эмес эле. Руме деген кудуктун суусу өтө сонун эле. Бул кудук бир яхудинин кудугу болчу. Яхуди мусулмандарды кыйноо үчүн кудуктан дайыма эле суу бере берчү эмес. Берген күндө да кымбат баага сатчу. Ошондуктан, баары эле ала алчу эмес жана кедей мусулмандар алгандан кыйналышчу.
Пайгамбарыбыз муну көрүп капаланды. Бир күнү мындай деди: “Руме кудугун ким алып өз челегин мусулмандардын челеги менен тең кармаса Бейиштеги челеги мындан кайырлуу болот”.
Муну уккан Хазрети Осман дароо яхудиге барып соодалаша баштайт. 12000 дирхамга (күмүш акча) кудуктун жарым үлүшүн сатып алды. Ошентип, кудуктун башында бир күнү яхуди, бир күнү Хазрети Осман туруп суу сатышат. Яхуди дагы да жогору баага сатат, ал эми Хазрети Осман бекер берет. Мусулмандар Хазрети Османдын кезеги келгенде эки күндүк сууларын алып алышчу. Эртеси яхудиге эч ким барчу эмес. Яхуди эми кудуктун калган жарымын да ошол баага Хазрети Османга саткысы келет. Бирок, Хазрети Осман ага көнбөйт. Бир аз убакыт өткөн соң дагы келип, арзан баага макул болуп сатат. Ушундайча кудук толугу менен мусулмандардын керегине жумшалат.