Мубарек түн...Рагаиб түнү
Бул түн - Ражаб айынын алгачкы Жума түнү, б.а.,, Рагаиб түнү. Бул түндө Аллаху таала момун пенделеринен рагибеттер, тагыраагы, ихсандар жана икрамдар кылат. Бул түндү урматтагандар кечирилет. Бул түнү кылынган дуба кайтарылбайт жана намаз, орозо, садака сыяктуу ибадаттарга көп эселеп сооп берилет. Көп тооба-истигфар кылуу керек, казага калган намаздарды дароо казасын окуп баштоо керек. Тезирээк бул карыздардан кутулууга аракет кылуу керек. Бул касиеттүү мезгилдерде убада кылынган соопторго жете алүү үчүн эң оболу итикадды оңдоо керек. Илмихал маалыматтарын үйрөнүү жана жашоону ушуларга ылайыкташтыруу керек.
Бул түнү Расулуллахтын (саллаллаху алейхи васаллам) атасы үйлөнгөн түн эмес. Ушинтип айтуу жаңылыш.
Хадиси шарифтерде айтылат:
“Ражаб – Аллаху тааланын айы. Ражаб айына икрам кылганга, урматтаганга Аллаху таала дүнүйө жана акыретте икрам кылат.”
“Ражаб айынын биринчи Жума түнүн ибадат менен өткөргөн адамга кабыр азабы кылынбайт. Дубалары кабыл болот. Бир гана жети адамдын дубасы кабыл болбойт: Пайызга акча берген жана алган адамдын, Мусулмандарды кемсинткендин, эне-атасына кыйынчылык тарттырган баланын, мусулман болгон жана диндин буйруктарына моюн сунган күйөөсүнө баш ийбеген аялдын, музыкалык аспап черткич, ливата жана зина кылгандын, беш убакыт намазды окубаган адамдын.” (Булар ошол күнөөлөрдөн баш тартмайынча, тообо кылмайынча дубалары кабыл болбойт. Эне-атанын, күйөөнүн, эч кимдин динге туура келбеген буйругу тыңдалбайт, аткарылбайт.)
Пайгамбарыбыз Ражаб айындагы ибадаттардын пазилеттерин түшүндүрүп жаткан эле. Жашы улуу бир адам: “Йа, Расулаллах! Ражаб айынын баарында орозо кармоого күчүм жетпейт”, - деген кезде Пайгамбарыбыз: “Сен Ражаб айынын биринчи, он бешинчи жана акыркы күнү орозо карма. Баарында кармагандай сооп аласың. Анткени, сооптор он эсе болуп жазылат. Бирок, Ражабдын алгачкы Жума түнүнөкайдыгер караба”, - деген.
Урматтуу окурман!
Календардын беттеринде Курани каримден аяттар, хадиси шарифтин маанилери, диний маалыматтар, улуу заттар жана ыйык ысымдар болгондуктан, урмат көрсөтүп, ылайыктуу болбогон жерлерге ыргытпооңорду өтүнөбүз!